18.08.2016 16:47

Облустук администрацияларга Көчмөндөр оюндарына каражат чогултуу тууралуу көрсөтмө берилген эмес

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жарандарды мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү жана орто мектептерден Көчмөндөр оюндарына зарыл болгон акча каражаттарын чогултуу тууралуу чагымчыл ушактарга ишенбөөгө чакырат.

Жакында бир нече массалык маалымат каражатта Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, мектеп мугалимдеринен жана бала-бакчалардын (көбүнчө Нарын жана Баткен облусундагы) кызматкерлеринен акча каражаттарынын топтолуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.

Ушуга байланыштуу, ДКО катчылыгы республиканын облустук жана райондук администрацияларына бул сыяктуу эч кандай көрсөтмөлөр берилбегендигин жана кийин да берилбей тургандыгын маалымдайт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы