06.09.2016 12:25

Орусия жана АКШ командалары чүкө оюну боюнча мелдешке чыкты

Ысык-Көлдө ДКО алкагында кыргыздардын белгилүү улуттук оюну – ордо өткөрүлүүдө.

6-сентябрда, бул оюн боюнча мелдешке Орусия жана Америка Кошмо Штаттары командалары катышты.

Ордо оюну  аркылуу аскерлер атаандашын кантип жеңүүгө мүмкүн болгондугун үйрөнгөн. Жерге тартылган айлананын сүрөтү мамлекет дегенди түшүндүргөн, ал айланада салгылашуунун планы иштелип чыккан. Хандын чыгышы (негизги чүкө) башкаруучуну тактыдан түшүрүү дегенди билдирген.

Оюндун негизинде ички саясатты бийликтин ичинде кылдаттык менен туура жүргүзүү жөндөмү бар.

Команданын курамы – 10 киши: 7 оюнчу, 1 алмаштыруучу оюнчу, 1 машыктыруучу, 1 жетекчи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы