02.06.2016 06:00

Ош шаарында биринчи жолу «Этномаданият» фестивалы старт алды


Бүгүн, 2-июнда Ош шаарында Эл аралык “Этномаданият” фестивалы старт алды.

Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылынын жана II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында өткөрүлүүдө.

Түштүк калаанын 6 аянтчасында кол өнөрчүлүк, килем токумай, улуттук кийимди тигүү жана улуттук тамак ашты даярдоо боюнча мастер класстар өткөрүлүүдө. Палоо басуу фестивалы уюштурулуп, жергиликтүү тургундар жана фестивалдын катышуучулары ар түрдүү ыкма менен бышырылган палоонун даамдарын тата алышат.

Фестивалда чыгармачыл коллективдер, фольклордук жамаатар катышууда. Улуттук кийимдер боюнча иштеген дизайнерлер жана моделдик агенстволор, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, улуттук каада-салтты аткаргандар, улуттук тамак-аш боюнча ашпозчулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашат.

Иш-чарага келген коноктор С.Ибраимов атындагы Кыргыз драм театрынан тарта борбордук аянтчага чейин жасалгаланган көчөнү аралап, байыркы чыгыш маданиятына сүңгүп кире алышат. Асман тиреп, зым тартылган арканда секирип ойногон акробаттар, көчө ырчылары, маскарапоздор элди таң калдыра аткарышууда.

Фестивалга мамлекет башчылары, депутаттар, чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чаранын уюштуруучулары: «Тарых жана маданият» жылын өткөрүү боюнча уюштуруу дирекциясы, II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары катчылыгы, Ош ш. мэриясы, Кыргыз Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгаруумду өкүлчүлүктөрү.