25.08.2016 18:58

Сапар Исаков: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары заманбап Кыргызстандын тарыхында жаңы баракты ачат

Жакында өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы уюштуруучуларынын жана демилгечилеринин бири бүгүн бизде мейманда. Жаш  болгонуна карабастан өзүнүн тырышчаактыгы, эмгекчилдиги (кесиптештеринин айтымында ал 1 күндө 14-16 саат иштеп, 10 чогулуш өткөрө алат), эпчилдиги жана дипломаттык мүнөзү менен карьерасында өтө чоң жетишкендиктерди багындырды. Кыргызстандын жаш муундары андан үлгү алып, ал басып өткөн жолду өзүн мекенине жана элине  арнап өткүсү келет. Алдыңыздарда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков.

- Сапар Жумакадырович, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткрүү идеясы кимге таандык? Баары кантип башталган?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси КР Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев тарабынан 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин алкагында айтылып, Азербайжандын, Казакстандын жана Түркиянын башчыларынын колдоосуна алынган. Кийинчирээк биз бул идеянын көчмөн элдердин маданий мурасын жандандыруу жана жайылтуу боюнча чыныгы долбоор катары ишке ашуусу үчүн бир нече комплекстүү иш-аракеттерди аткардык. Ошентип, 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп, анда көчмөндөрдүн рух биримдиги, салт-санааларынын жана маданиятынын окшоштугу таанытылды.

Жакында өтө турчу экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандыгын 50 мамлекет расмий негизде тастыктады. Бул көрсөткүч дүйнөдө этно оюндарга болгон кызыгуунун артып жаткандыгынан жана кийин өзгөчөлөнүп турган күчтүү спорттук кыймыл болуп чыга тургандыгынан кабар берет.

- Эң актуалдуу маселе катары Оюндарга бөлүнгөн каражат болсо керек. Салык төлөөчүлөрдүн акчасы колдонулуудабы же дагы башка финансылык булактар барбы?

- Жакында өтө турган Оюндардын масштабы, мелдештердин жана катышуучулардын саны көптөгөн каражаттар сарптала турган жаңы ат майданынын курулушун жана инфраструктуранын жакшыртылышын, ошондой эле унаа жолунун реконструкцияланышын талап кылды. Бул сарптоолордун басымдуу бөлүгү Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан тартылган гранттык каражаттардын эсебинен жабылды.

- Мелдештерди каржылоо сунушун бизнес коомчулугу кандай кабыл алды? 

Бүгүнкү күндө өнөктөштөрүбүздүн демөөрчүлүк жардамы 2 млн долларды түздү. Бул көрсөткүчтөр алгачкы жолу маалымдалып жатат. Мамлекеттин тарыхында бизнес коомчулугу тарабынан мамлекеттик долбоорго мындай активдүү  колдоо көрсөтүлгөн эмес деп ойлойм. Алардын катарында бир гана чет элдик эмес жергиликтүү ишканалар, медиа өнөктөштөр, жөнөкөй жарандар, активисттер бар. Демек, элибиз өлкөбүздүн кадыр-баркына, анын спорттогу жана туризмдеги потенциалын бекемдөөгө кайдыгер карабайт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  баардыгыбыздын ишке ашып келе жаткан жалпы ишибиз, кыялыбыз деп айтууга болот.

- Бул каражаттар канчалык жеңгээлде таза жумшалат?

- Бардык демөөрчүлүк каражаттар акчалай түрдө берилбестен Улуттук Олимпиадалык Комитеттин эсебине түшөт. Бул түзүлүш (структура) бир жылда эки жолу көз карандысыз эл аралык аудиттен өтөт. Демек ар бир сом кайда жумшалып жаткандыгы кылдаттык менен каралып турат. Мындай таза жана так схема турганда башкасын  издеп түзүүнүн кажети жок.

- Оюндарга кирүү билеттерин сатуудан түшкөн каражат сарптоолордун кандай бөлүгүн актап жатат?

- Албетте, Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземине кирүү билеттерин сатуудан түшкөн каражаттар боюнча  алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлөт. Ошого жараша жалпы чыгымдар салык төлөөчүлөрдүн акчасынан эмес, гранттык каражаттардын, демөөрчүлүк колдоонун жана билеттерди сатуудан түшкөн каражаттардын негизинде жабылат деп айта алам. Мындан сырткары кирешелер сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы сувенирдик продукцияны сатуудан толукталмакчы.

- Кыргызстандыктардын көңүл чордонунда жаңыртылган ат майданы болууда. Ал тууралуу айта кетсеңиз.

- Жаңы ат майданы эл аралык деңгээлдеги ат оюндары боюнча мелдештердин талаптарына жооп берет, эң мыкты дүйнөлүк  өндүрүүчүлөрдүн заманбап жабдыктары менен жабдылды. Заманбап камералар орнотулду, бул камералардагы “Slow motion” эффекти жана кайталоо режиминин болушу ат чабыштардын ар бир деталына чейин карап чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, мелдеште талаш-тартыш болуп калган учурда чоң жардамын тийгизмекчи. Мелдештерди түз эфирден көрсөтүү спутникалык каналдар аркылуу ишке ашат.

Жалпысынан алганда, ат майданы чоң спорттук, маданий борбор жана туризм жери болуп калыптанарынан күмөн калтырбайт. Франциялык ортомчуларды бул мегазаманбап ат  майданынын баасы ушул сыяктуу башка мамлекеттердеги курулуштардан он эсе төмөн болгондугу  жок. таң калтырбай койгон

Мунун бардыгы Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлдеги ат чабыштарды өткөрө алган мамлекеттердин катарына киришине мүмкүнчүлүк түзөт.

- Сиздин оюңуз боюнча, бул ат майдан ага сарпталган акчаны кийин актай алабы?

- Курулуш боюнча чечимди чыгарардан мурун анын каражаттарды актары тууралуу маселени карап чыкканбыз. Бул жааттагы адистер баардык эсептөөлөрдү жүргүзгөн соң, бул рентабелдүү долбоор  акчаны абдан жакшы актай алат деп жыйынтык чыгарган. 

Албетте, эл аралык мелдештерди өткөрүүдөн түшкөн каражаттардан сырткары биз дагы бир нече коммерциялык багыттарды алдын ала караштырганбыз.

Биринчиден, 10 миң кишилик ат майданында жылдыздардын концертин өткөрүүгө болот. Чындап эле, таанымал ырчылардын концертине Ысык-Көлдүн жээгинде күбө болуу болуп көрбөгөндөй ырахатты тартуулайт.

Экинчиден, ат майданынын сырткы жагында улуттук сувенирлер сатыла турган жыл бою иштей турчу бутиктер болот.

Үчүнчүдөн, тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге оюн бизнесине тыюу салынып, бирок ат майдандарындагы тотализаторлорго уруксат берилген мамлекеттердин тажрыйбасын изилдеп чыгуу тапшырмасы берилген. Тотализаторлор тууралуу мыйзам сөзсүз түрдө кабыл алынат деп айта албайм, бирок мындай мүмкүнчүлүк да каралып жатат. Чет элдик тажрыйба көрсөтүп тургандай, тотализатордун системасы асыл тукум жылкыларды багуунун жетишкендиктерин жана ат спортунун өнүгүшүн кенен алкакта жайылтууга көмөкчү болорун көрсөтүп турат.

- “Газпромнефть Азия” иш-чарасынын демөөрчүлөрүнүн бири Көчмөндөр оюндарына карата чоң спорт комплексинин курулушун өткөрүп жатат. Бул комплекс тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

-Бул ультразаманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин курулушу аяктады. “Газпромнефть Азия” расмий түрдө аны мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Бул курулуштун чоңдугун ага жумшалган каражаттын көптүгүнөн билүүгө болот. “Газпромнефть Азия” ага 5-6 млн долларды бөлгөн. Баардыгы техниканын жаңы чыгарылган мүмкүнчүлүктөрү менен аткарылды. Комплексте спорттун ар кандай түрү боюнча машыгууларды, эл аралык мелдештерди, конференцияларды, симпозумдарды өткөрүүгө болот жана ал 600 кишиге ылайыкталган. Мындан сырткары комплексте көптөгөн офистик бөлмөлөр бар, алардын биринде Көчмөн цивилизациясынын борбору жайгаштырылат.

- Белгилүү болгондой эле, бардык Олимпиадалык кыштактар, шаарчалар Оюндар өткөндөн кийин жоготууларга учурап, начарлап кетет. Ат майданынын жана спорт борборун кийин кандай келечек күтүп турат? Алар кимдин балансына өткөрүлүп, ким каржылайт?

- Жоготуулар болуп, начарлап же каралбай калат деп айтуудан алысмын. Тескерисинче, Оюндардан кийин бул  объекттер өзүнүн кызматынан жазбай, көптөгөн кирешелерди алып келе бермекчи.

- Азыркы тапта Оюндар башталганга чейин бардык объекттердин курулушунун толугу менен аякташына байланыштуу курч маселе турат. Э негизгиси, жолду оңдоп түзөө иштери өз убагында аяктайбы? Аяктоо мөөнөтүнө байланыштуу көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдуңуздар окшойт. Социалдык тармактарда дагы көп жумуш жасалышы керек деген маанидеги сүрөттөр да жарыяланды. 

- Кыйынчылыктар болбой койбойт. Эң негизгиси – алардан коркпой, жеңип чыгыш керек.  Мөөнөттөр тууралуу айта турган болсом, ат майданы да, жолдор да Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин толугу менен жасалып бүтөт деп толук ишеним менен айта алам. Куруучулар эки смена боюнча тынбай иштеп жатат. Биз максатыбызга план боюнча талыкпай жетип келе жатабыз.

- Тамчы эл аралык аэропортунун камылгалары кандай жүрүп жатат?

- Тамчы эл аралык аэропорту жакында өтө турган иш-чарага келе турчу меймандарды кабыл алууга даяр. Бул маалыматты мен расмий түрдө жарыялайм.

- Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу эмне деп айтууга болот?

- Оюндардын укмуштуудай өтө турган ачылыш жана жабылыш аземи. Бир гана мелдештин көркөмдүүлүгүнө эмес, оюндардын массалык жана өзүнө тартып турарлык мүнөзүнө ээ болгон мелдештердин 26 түрү.

- Катарынан баштай турган болсок, Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземи...

- Күтүүсүз, бирок жагымдуу болуусу үчүн эмне боло тургандыгын толугу менен айта албайм. 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиаданын жана башка ири иш-чаралардын даярдыктарында иштеп келген питердик компаниялардын жардамы менен даярдалып жаткан бул шоу-программа укмуштуудай болорун айтып кетким келет. Алдын ала айтуу туура эмес болушу мүмкүн бирок, Д.йнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин уюштуруучулуктун жогорку деңгээли менен сыймыктанабыз деп ишенем!

-Оюндар канча мамлекеттин экрандарында чагылдырылмакчы?

- 150дөн ашык мамлекетте Оюндар көрсөтүлөт. “Euronews”, “BBC”, “Al Jazeera” ж.б. алдыңкы телеканалдар Оюндарды экранга алып чыгарын айтуу жетиштүү болсо керек.

- Эң сонун. Жакында өтө турган Оюндарда кандай маданий программа пландалып жатат?

Маданий программа 4-сентябрь күнү Кырчын жайлоосунда өткөрүлөт. Ал жакта “Кыргыз айылы” аталышындагы этно шаарча орун алат. “Кыргыз айылы” Кыргызстандын жети дубанын жана эки шаарын (Бишкек, Ош) символдоштуруп турган 9 көчмөн конушунан турмакчы. Келген меймандар өз көзү менен көчмөндөрдүн маданиятына күбө болуп, кыргыз элинин салт-санаалары жана үрп-адаттары менен таанышмакчы. Ошондой эле “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фествалы да өткөрүлөт. Мындан сырткары, ар кайсы маданияттын жана мамлекеттин өкүлдөрү боз үй, яранг, чум, тип, вигвам ж.б.  сыяктуу өзүнүн улуттук турак-жайларын эл назарына койгону турат.  Баардык коноктор бул иш-чараларга катыша алат, буга карата Оюндар өтүп жаткан маалда белгилүү маршруттар боюнча 40  ташуучу унаалар акысыз кызмат кылат.

- Биринчи Көчмөндөр оюндарына салыштырмалуу кандай айырмачылыктар болот?

Албетте масштабы жана эбегейсиз мүнөзгө ээ экинчи Көчмөндөр оюндары биринчи Оюндардан алда канча алдыда болот. Мелдештер боюнча айта турган болсок, биринчи Оюндарда спорттун 10 түрү боюнча мелдештер өткөрүлсө, мында мурун айтып кеткендей 26 түр боюнча уюштурулат. Буга кошумча катары жеңүүчүлөргө бериле турчу акчалай сыйлыктын көлөмү да жогорулады. Жогорку жеңишке жеткендерди алтынга жалатылган өзгөчө стилдеги медалдар таң калтырбай койбойт. Мурун белгилеп кеткендей эле, Оюндарга катыша турган мамлекеттердин саны эки эсе көбөйдү. Мындай нерсе долбоордун кийин да өнүктүрүлүшүнө, келечекте ал көчмөн элдеринин эл аралык оюндары болоруна негиз түзүп жатат.

- Өткөн Олимпиадалык оюндарда Рио-де-Жанейродо тоноочулардын запкы чеккен туристтердин, жада калса спортчулардын коопсуздугу олуттуу маселе болгон. Жакында тө турчу  Оюндарда коопсуздук канчалык деңгээлде? Канча милиция кызматкери коопсуздукту сактоого тартылат?

5 миңге жакын милиция кызматкери Оюндарда коопсуздукка тартылып, коопсуздукту сактоо боюнча ыкмалар абдан катуу жүргүзүлмөкчү. Оперативдүү штаб түзүлдү, бир күн бою тез жардам жана өрт өчүрүү кызматы иштейт. Ат майданына кирүүдө да текшерүүлөр катуу жүргүзүлүп, келген меймандар билетиндеги QR код тастыкталганда гана кире алат. Мамлекеттин тарыхында мындай технология алгачкы жолу колдонулуп жатат. Ошондуктан кооптонууга себеп жок деп айта алам.

- Белгилүү болгондой эле, ДКО көчмөн элдердин салттуу, улуттук оюндарын өнүктүрүүгө багытталган туризм долбоору. Ошондой эле, бир гана спорттук эмес, социалдык, маданий жана албетте экономикалык иш-чара болуп саналат. Жакында өтө турган Оюндардан эмнелерди күтүүгө болот?

- Биринчиден, Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренадагы ордун алда канча жогорулатып, кыргыз элинин рухун бекемдей алат.

Экинчиден, спорт жана туризм инфраструктураларын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү инвесторлордун көңүлүн буруп, Ысык-Көлдө жаңы заманбап мейманканалар, спорт борборлору, эс алуу комплекстери пайда болот деп ишенем. Бул аймактагы туризмдин өнүгүшүнө жаңы түрткү болмокчу.

Үчүнчүдөн, спортту өнүктүрүүнүн деңгээлин арттыруу болот. Ушул сыяктуу ири спорттук иш-чараларды уюштуруу коомчулуктун спортко болгон кызыгуусун, спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатып, спорт жаатындагы адистердин ишмердүүлүгүн камсыздайт.

Төртүнчүдөн, спорт жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүүдө калктын ишмердүүлүгү артат.

Жакында жогорку технологиялардын дүйнөсү менен байланышкан дагы бир укмуштуудай иш-чара өткөрүлгөнү турат. Жакында аны мамлекет башчыбыздын өзүнөн угабыз. Ал эми азырынча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин аны сыймыктануу менен эстеп жүрөбүз деген үмүттөн жазбайбыз. Анткени мындай мүмкүнчүлүк күндө эле бериле бербейт, ошондуктан Кыргызстан аны колго алып, татыктуу ишке ашырышы керек.

Комсомольская Правда