15.08.2016 18:11

Спорттук коопсуздук боюнча эл аралык борбор Экинчи ДКО тууралуу фильм даярдайт

Спорттук коопсуздук боюнча эл аралык борбор (“ICSS”) - Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин расмий өнөктөшү, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу фильм даярдоону пландап жатат.

Фильмди даярдоо үчүн ICSS командасы Кыргызстанга 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтө турган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келет.

ICSS Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземин, ошондой эле спорттук, маданий-массалык иш-чараларды чагылдырат, мындан тышкары Оюндарга катыша турган спортчулардан жана расмий делегациялардан интервью алууну пландап жатат.

Көчмөндөр Оюндарынын жыйынтыгы боюнча фильм даярдалат. ICSS өкүлдөрүнүн айтымында ал дүйнөдөгү эң ири телеканалдарда көрсөтүлмөкчү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгы