08.02.2018 17:54

TRT Туркиялык телерадиокомпаниясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга кызыктар

TRT Туркиялык телерадиокомпаниясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга кызыктар.

TRT Туркиялык телерадиокомпаниясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга кызыктар. Бул боюнча 2-февралда КРнын маданият, маалымат жана туризм министерлигинин шилтемесине таянуу менен ДКО 2018 Катчылыгы кабарлашты.

                    

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча демилге 2018-жылдын 2-февралында, Анкара шаарында өткөн КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова жана туркиялык компанияынын жетекчилиги менен болгон жолугушуу учурунда көтөрүлгөн.

                    

“Жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Айнура Темирбекова, туркиялык телекомпаняга 2016-жылы өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга кошкон салымы үчүн, терең ыраазычылык билдирип, компаниянын жетекилери менен дал ушул жылы өтө турчу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча да маселелерди карашты”,-деп билдирилет Катчылыктын расмий сайтына.

Жолугушуунун жыйынтыгы эки тараптын биргеликте иштеше тургандыгы менен аяктап, жакын арада “TRT Avaz” телеканалында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын видео ролиги көрсөтүлө турган болду. Ошондой эле TRT Avaz телеканалынын астыдагы иш чараларында Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында, аймактардагы туризм боюнча видеоролик тартуу пландары бар экени белгилүү болду.