22.08.2018 13:38

Таяк - тартыш боюнча курама команда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууда

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу максатында таяк - тартыш боюнча  курама команда 10 - августтан 23 - августка чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында окуу машыгуу жыйындарын төмөнкү курамда өткөрүүдө:

Таяк - тартыш боюнча улуттук курама команданын окуу машыгуу жыйындарын өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 566 миң сом каралган.  

1.   Элза Абдыкадырова 1993 ж.т. 55 кг

2.   Жумабек кызы Элиза 2000 ж.т.  55кг

3.   Кымбат Нуржанова  2001 ж.т. 65 кг

4.   Дильбара Иманканова 1995 ж.т. 65 кг

5.   Айканыш Кенешова 2001 ж.т. 75 кг

6.   Надежда Гуляшенко 1982 ж.т. 75 кг

7.   Назия Майлыбашова 1985 ж.т. 85 кг

8.   Айжан Анарбекова 2001 ж.т. 85 кг

9.   Дилдора Рахманова 1983 ж.т. 85 кг жогору

10. Эхтибархон Сулайманова 1971 ж.т. 85 кг жогору

11. Бекжан Омуралиев 1997 ж.т. 60 кг

12. Нурсултан Турганбаев 1991 ж.т. 60 кг

13. Кудайназар Алимов 1992 ж.т. 70 кг

14. Азамат Асанов 1991 ж.т. 70 кг

15. Аскат Жунушев 1989 ж.т. 80 кг

16. Темирлан Сатаров 2000 ж.т. 80 кг

17.  Азат Таштанбеков 1996 ж.т. 90 кг

18. Эмил Мусуралиев 1990 ж.т. 90 кг

19. Атайбек уулу Келдибек 1993 ж.т. 105 кг

20. Умар Турдиев 1994 ж.т. 105 кг

21. Эрмек Карыбеков 1990 ж.т. 125 кг

22. Бектур Мавлянов 1995 ж.т. 125 кг

23. Рустам Жалилов 1973 ж.т. 125 кг жогору

24. Жолдош Сулайманов 1971 ж.т. 125 жогору

25. Марат Раматов – машыктыруучу

26. Эрмек Курманалиев – ага машыктыруучу.

Мас-рестлинг – Якутиянын улуттук спортунун бир түрү.

Дүйнөдөгү көптөгөн элдердин улуттук оюндарынын катарында кандайдыр бир нерсени тартуу (таяк, камчы, тери, тактай, найза, аркан) сыяктуу салттуу оюндары болгон. Мисалы: Якут элинде – мас-рестлинг, кыргыздарда – таяк тартыш, түрк элинде – жыгач күрөш, англисче вариантында болсо - stick pull ж.б. айтылууда.

Мас-рестлингте атаандаштар бири-бирине бет маңдай болуп, кырынан коюлган тактайга буттарын тиреп, бир таякты экөө эки жагынан эки колдоп кармап отурушат. Спортчу таякты атаандашынын колунан сууруп алса же аны таяк менен кошо өзүн көздөй тарта алса жеңүүчү болуп эсептелет. Кармашуу бир балбан эки жолу жеңип кеткичекти уланат. Бир раунд 2 мүнөткө созулат.