05.09.2016 19:12

Төкмө акындар конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Бул күнү эки күнгө созулган төкмө акындардын конкурсу аяктады. Ага Кыргызстандын жана Казакстандын 18 төкмө акыны катышты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча гран-прини Кыргызстандын төкмө акыны Азамат Болгонбаев жана Казакстандын төкмө акыны Мухтар Ниязов алды. Ар бири 300 миң сомго ээ болду.

1-орун – кыргызстандык Болот Назаров жана казакстандык Жаркынбек Наушабеков, ар бирине 150 миң сом берилди.
2-орун – кыргызстандык Амантай Кутманалиев жана казакстандык Нурмат Максуров, ар бирине 100 миң сом ыйгарылды.
3-орун – кыргызстандык Асылбек Маратов жана казакстандык Дидар Камиев, ар бирине 80 миң сом тапшырылды.

Конкурстун катышуучуларынын ар бири 50 сомго жана атайын байгелерге ээ болду.

Изат Айдаркулова (Кыргызстан) Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыкка, Максат Кулуев (Кыргызстан) Бексултан Жакиев атындагы сыйлыкты алды. Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлыкка Тоба Отолбаев (Казакстан), Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлыкка Айтпай Жумагулов (Казакстан) татыктуу болду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы