21.07.2016 14:00

"World Nomad Fest 2016" конкурсу

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары катчылыгы жана Маданият, маалымат жана туризм Министрлиги тарабынан “этносаркеч” жана “этнохит” багытында республикалык конкурс жарыялайт. Конкурстун жеңүүчүлөрү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары учурунда өтө турган “Номад фест” фестивалына катышууга жолдомо алышат. Аталган конкурс 12-августан 14-августка чейин “Супара” этнокомплексинде өткөрүлөт.

Табыштамалар 7-августка чейин кабыл алынат.

Байланыш телефондор: 0555 104350 же 0312 430947; эл. дарек: nomadfest2016@gmail.com.