28.07.2016 22:00

Ысык-Көлдө Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча чогулуш болду

22-23-июлда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына карата даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чогулуш болду. Ага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова, ведомствонун директорунун орун басары Русланбек Жуманазаров, ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев жана Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын жетекчиси Алмазбек Касенов катышты. Ошондой эле, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын спорттук программасы боюнча иштеген уюштуруу комитетинин бардык мүчөлөрү да чогулушта болду.

“Спорттук программаны ишке ашыруу мамлекеттик агенттиктин жоопкерчилиги. Бүгүн спорттук программаны  уюштуруу комитетинин толук курамы аныкталды. Баардык милдеттерге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, талаптарды жана тапшырмаларды так аткарышыңыздарды өтүнөм” – деп К. Аманкулов өз сөзүндө айтып өттү.  Ошондой эле, оюндар өтө жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүшү керектигин баса белгилеп өттү.

Чогулуш учурунда II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын өз убагында жана сапаттуу уюштуруу тууралуу маселелер каралып, спорттук делегацияларды жайгаштырууга жана спорттун 23 түрү өткөрүлө турган жерлерге  байланыштуу техникалык маселелер талкууга алынды.

Чогулуштун катышуучулары ат майданынын курулушу жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен, ошондой эле Кырчын жайлоосундагы спорттук программа өтө турган жер менен таанышты.

Чогулуштун жыйынтыгы боюнча уюштуруу комитети кылдат  иштелип чыккан планды даярдоого киришти.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына (2016) даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчилиги:

    - Бардинова Нуржан Арзыкуловна - уюштуруу комитетинин төрайымы (ДКО өткөрүү жана спорттук бөлүктүн структуралык бөлүмдөрү боюнча жалпы текшерүү);
    - Жуманазаров Русланбек Сатымкулович - спорттук программага жоопкерчиликтүү;
    - Эгембердиев Бакыт Жолдошбекович - уюштуруу маселелери боюнча жоопкерчиликтүү;
    - Касенов Алмазбек Апышович – уюштуруу комитетинин төрайымынын орун басары;

Ошондой эле, спорттук объекттер жана мейманканалар боюнча, ыктыярчылар менен иш алып баруу, логистика  боюнча штабдар түзүлүп, мамлекеттик чек араларда, КРнын аэропортторунда спорттук делегацияларды тосуп алуу боюнча жоопкерчиликти ала тургандар аныкталды.

Эскерте кетсек, экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда  Ысык-Көл облусунда, Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Алынган булак: КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы