24.07.2018 20:46

Ысык-Көлдө алыш күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйындары өттү

Кыргыз Республикасынын алыш күрөшү боюнча курама жааттын окуу машыгуу жыйындыры 5-18-июль айында Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өттү. Бул окуу-машыгуу жыйындыры III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарга карата даярдануу максатында өткөрүлдү.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:

Эрланбек Мурзабеков 1994 ж.
Баястан Суюнбеков 1997 ж.
Шаршеналы уулу Мадаминбек 1997 ж.
Муратбек уулу Нурмат 1997 ж.
Эсенбек Кудайбердиев 1994 ж.
Мырзабек Кочкоров 1992 ж.
Нурмамат уулу Сапармурат 1994 ж.
Чалабаев Чынгызбек 1988 ж.
Женишбек Киргизбаев 1987 ж.
Ибрагим уулу Мирхалил 1992 ж.
Кадыр Келсинбеков 1990 ж.
Асылбек Шадыбеков 1986 ж.

Кыз келиндер арасында:

Анара Рыскулова 1995 ж.
Элзада Момунжанова 2000 ж.
Аттокур кызы Кумушай 1995 ж.
Мизамидин кызы Мээрим 1994 ж.
Бактияр кызы Нурзат 1994 ж.
Алина Каныбекова 1995 ж.
Алибай кызы Уулкан 1995 ж.
Гулжанат Бакытбекова 2002 ж.
Мамарасул кызы Алтынай 1998 ж.
Доктурбек кызы Айжан 1995 ж.
Нагира Сарбашева 1989 ж.
Кундузай Жайчибекова 1994 ж.
Карабаев Мирбек- ага машыктыруучу
Борубаев Кабыл - машыктыруучу

Алыш күрөш боюнча курама командасынын окуу - машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 602 мин сом бөлүнгөн. 

Алыш күрөшү боюнча машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин айтымында, бул окуу-машыгуу жыйындары оюндардын алдындагы биринчи жалпы даярдык болуп саналат. Ал белгилегендей, 15-августтан 1-сентябрга чейин жалпы жыйынтыктоочу жыйындар башталат.

Алыш күрөшү дүйнөдө жаңыдан тез өнүгүп келе жатат. 2008-жылы алыш күрөшү Бириккен күрөш дүйнөсүнө спорттун түрү катары киргизилген. Бүгүнкү күндө балбандар арасында бул спорттун түрүндө атаандаштык катуу жүрүп жатканы байкалат. Белгилей кетсем, өткөн II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алыш күрөш боюнча 52 дүйнө өлкөлөрүнүн балбандары катышкан.

Бул оюндарга азыр ар кайсы өлкөлөрдөн 230 ашык спортсмендер өтүнмөлөрүн беришкен. Мурдагы оюндарда, биз болгону 2 алтын медалын жеңгенге жетишкенбиз. Башка өлкөлөрдүн спортчулары эң жакшы жыйынтыктары көрсөтүшкөн, тиешелүүлүгүнө жараша алыш өнүгүүдө", - деди ал.

Корутундуда К. Бөрүбаев белгилегендей, III Дүйнөлүк оюндарына алыш курама жаат катуу даярдык көрүүдө жана мыкты натыйжаларды көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

"Балбандарды биз өлкөнүн чемпионатынын жыйынтыгы боюнча тандап алдык. Белгилүү болгондой, III Дүйнөлүк оюндарынын алкагында алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты өткөрүлөт. Бизге дүйнөнүн алыш күрөш боюнча эң мыкты балбандары келет, демек биз татыктуу болушубуз керек", - деп жыйынтыктады К. Бөрүбаев.