08.09.2016 14:28

Жергиликтүү жана чет элдик ММК Оюндардын жабылыш аземин түз эфирге алып чыгат

Бүгүн, 8-сентябрь күнү саат 20:30да Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынынсалтанаттуу жабылыш аземи болот. Иш-чараны түз эфир аркылуу МИР24, МИР, РТР Планета, Equidia, Матч ТВ, ТRТ Avaz, ТRТ Sport, Казспорт, КТРК, КТРК Спорт, КТРК Маданият, ЭлТР, НТС, Пирамида, Спутник сыяктуу телеканалдар жана ошондой эле бардык облустук телеканалдар көрсөтмөкчү. 

Бир жума бою ДКО алкагында өтүп жаткан спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды ММКнын 650дөн ашык өкүлү, ошондой эле ондогон блогерлер экранга, интернет баракчаларына чагылдырып жатты. Алардын 300ү 35 өлкөнүн 90 чет элдик ММКсы, калганы жергиликтүү массалык медианын журналисттери.

Euronews, NHK, Al Jazeera, China TV, Deutsche Welle, Russia Today, «Моя планета» телеканалдары, “CBS” деп аталган  америкалык  телерадиотармак, “CBC” деп аталган канадалык телерадиоберүү корпорациясы, “PRI” деп аталган коомдук радиоберүү корпорациясы, Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Түркмөнстандын, Түркиянын ж.б. телеканалдары көрүүчүлөрүнө Оюндардын жүрүшү тууралуу кабарларды жана атайын репортаждарды тынымсыз көрсөтүп турду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы