03.09.2016 17:23

Жергиликтүү жана чет элдик телеканалдар ДКО ачылыш аземин түз эфир аркылуу көрсөтөт

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында саат 20.30 та Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болот.

Иш-чараны түз эфирде “МИР24”, “МирHD”, “Матч ТВ”, “ТRТ”, “ТRТ Avaz”, “ТRТ Sport”, “Казспорт” Түркмөнстандын, Азербайжандын  телеканалдары корсотот. Ал эми жергиликтүү телеканалдардан “КТРК”, “КТРК Спорт”, “КТР  Маданият”, “ЭлТР”, “5 канал”, “Пирамида”, “НТС”, ошондой эле облустук телеканалдар  түз эфир аркылуу көрсөтүүнү ишке ашырат.

Мындан сырткары, “Euronews” көрүүчүлөрүнө Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп жаткан иш-чараларды тартуулайт. Жалпысынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 800 миллион көрүүчү күбө болмокчу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 62 өлкөнүн спорттук делегациясы келди. Иш-чараларды экранга чагылдыруу үчүн масс-медианын (чет элдик, республикалык, аймактык телеканалдар, радиолор, гезиттер, журналдар жана интернет-порталдар, ошондой эле блогерлер) 500дөн ашык өкүлү бар. Алардын ичинен 280и 35 өлкөдөн келген 90 чет элдик ММК, калган бөлүгү – жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы