Кырчын

Кырчын

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде Чолпон-Ата шаарынан чыгышты карай           40 километрде Семёнов айылынан өйдө жайгашкан эң кооз жер – Кырчын жайлоосу (Семёнов капчыгайы).

Капчыгайдын узундугу 30 километрди түзөт. Капчыгайдын ичин бойлой бурганактап, таштан ташка урунуп бышкан, мөнгүлүү тунук Ак-Суу дарыясы агат. Жаз, жай айларында капчыгайдын ичиндеги таза аба даары чөптөрдүн жытын кучагына ала аңкып турат.

Кырчын жайлоосу Кыргыз Республикасынын эң ажайып, кооз жери болгондуктан Ысык-Көлгө келген туристерди милдеттүү түрдө алып барып, эс алдыра турган туристик маршрут болуп саналат. Жайында бул капчыгайдын ичине боз үйлөр тигилип, келген коноктор боз үй ичиндеги дастаркондон улуттук тамак-аштарды даам тата алышат. Ат үстүндө сейилдегендин сүйүүчүлөрүнө атайын туристик маршруттар иштелип чыккан.