Армрестлинг

Армрестлинг

Армрестлинг – бул эки тараптын колдор менен күрөшүү түрү. Армрестлинде спортчулар атайын столдо, турган абалда кол күрөштүрүшөт. Алардын чыканагы атайын жаздыкчага такалат. Атаандашынын колунун муштумун жаздыкчага тийгизген адам утушка ээ болот. Оң кол менен да, сол кол менен да кол күрөштүрүүгө болот. Бул, XX кылымдын 1960-жылы кайрадан жандандырылган байыркы оюн.