Колдонмону көчүрүү:
Көчмөндөрдүн улуу күрөшү

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү – эркин, биргелешилген, бел кур күрөшү. Бел кур күрөшү – эң байыркы күрөштүн түрү. Ал маданият дүйнөнүн көп элдеринде бар. Эки тараптан чыккан балбандардын шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка болгон күч сынашы, күрөшү көптөгөн кочмөн элдеринин байыркы китептеринде, эпосторунда кездешет. Өзүнүн жөнөкойлүүлүгү жана кызыгы менен бул күрөш дүйнө элдеринин маданиятында, этносторунда сакталып калган. Көчмөндөрдүн улуу күрөшү эң жөнөкөй, калыстардын кийлигишүүсү эң минималдуу болгон. Күрөштө бир гана эреже болгон: атаандашын жерге көтөрүп чабуу, эч кандай упай, балдар берилген эмес. Ошондуктан таза, адилеттүү күрөш өткөрүүгө шар түзүлүп, абсолюттук жеңүүчүнү аныктаганга болот.

Көчмөндөрдүн улуу көчмөн күрөшүнө салмагына карабастан катышса болот. Себеби илгери тараза деген болгон эмес, таймашта чыныгы күчтүүлөр жеңишке ээ болушкан. Анда абсолюттук бир эле улуу балбан аныкталып экинчи, үчүнчү деген орун болбостон, “Улуу жеңүүчү” делип калганына бирдей баа берилген.

Улуу күрөштө башка күрөштүн жеңүүчүлөрү кана катышып, өздөрүнүн элинин жана күрөшүнүн атынан чыга алышат.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн негизи томөнкү принциптен турат: күрөш бул курдан кармоо менен уланат. Балбандардын бийик адеп-ахлактык рухуна дал келген баардык кыймыл аракеттерге жол берилет, кандай кана чабуу болбосун женишти алып келет. 
Улуу күрөштүн эрежелери, жеңүүчүлөрдү аныктоо азербайджан, иран, турк, казак, кыргыз, өзбек, орус, туркмен, монгол, татар, жапон жана башка дүйнө элдеринин улуттук, салтуу күрөштөрүнөн алынган.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн жеңүүчүсү “Улуу балбан” катары даңазаланып, анын аты алтын тамга менен байыркы китеп катары түспөлдөшүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Улуу жеңүүчүлөр китебине жазылат.

Баардык өткөрүлө турган көчмөндөрдүн улуу күрөш мелдештер байыркы, нукуралуугунда, көчмөн элдеринин маданиятын, салтын сактоо менен өткөрүлөт. Илгери эки элдин тирешүүсү согуш менен аяктабастан, айрым учурда эки жактан чыккан дөө балбандардын күрөшү менен эле аяктаган. Ар бир балбан өзүнүн улуттук киймин кийип чыккан, ал атаандашы менен учурашып, таазим кылып, муну менен ал атаандашынын элине болгон сый урматын билдирген. Андан аары эл арасынан чыккан ак таңдай акындар өз тарабынан чыккан балбанды колдоп, анын балбандыгын, күчүн, жасаган эрдиктерин даңазалап, ар бир кыймылын ыр менен элге жеткирип турушкан.