Мас-рестлинг

Мас-рестлинг

Мас-рестлинг – Якутиянын улуттук спортунун бир түрү.

Дүйнөдөгү көптөгөн элдердин улуттук оюндарынын катарында кандайдыр бир нерсени тартуу (таяк, камчы, тери, тактай, найза, аркан) сыяктуу салттуу оюндары болгон. Мисалы: Якут элинде – мас-рестлинг, кыргыздарда – таяк тартыш, түрк элинде – жыгач күрөш, англисче вариантында болсо - stick pull ж.б. айтылууда.

Мас-рестлингте атаандаштар бири-бирине бет маңдай болуп, кырынан коюлган тактайга буттарын тиреп, бир таякты экөө эки жагынан эки колдоп кармап отурушат. Спортчу таякты атаандашынын колунан сууруп алса же аны таяк менен кошо өзүн көздөй тарта алса жеңүүчү болуп эсептелет. Кармашуу бир балбан эки жолу жеңип кеткичекти уланат. Бир раунд 2 мүнөткө созулат.