Колдонмону көчүрүү:
Монгол бох

Монгол бох

Монгол бох – Монголдордун салтуу күрөшү. Монгол күрөшу байыртан жоокерлерди жоого даярдоодо колдонулган. Мындан тышкары аны тирешкен тараптар ортосунда чечүүчү фактор катары пайдаланышкан. Эки аскер тобу согушаар алдында, жоокерлер арасынан эң күчтүүсү, шамдагайы, чыгып, күч сынашкан. Айрым учурларда согушпастан, эки жоокердин күрөшү менен эле жоокерлердин тиреши аяктап, жеңген жана жеңилген тарап аныкталган. 

Байыртадан калыптанып калган эреже боюнча күрөшө тургандардын саны 1024төн ашпаш керек. Мелдеш 9этап менен өткөрулүп, аны “даваа” (перевал) деп коюшат. Ар бир даваадан соң женилген тарап оюндан чыгарылат. Ар бир этаптын жеңүүчүсүнө ардактуу титулдар тапшырылат, алар: “аслан” – (лев), “заан”- (слон), “начин” – (сокол). 9 этаптын арасындагы жеңүүчү ала турган эң чоң наам “Наадам” – ал “аврага” (исполин). 

Ар бир оюндун салгылаштын алдында балбандан алгыр куштун учушун туюндурган атайын “девиг” деген салтуу бийин бийлешет. Андан соң атаандаштар туруу абалда, бири-бирине жакын барып, күрөш башталат. 

Бут менен чалуу, көтөрүп чабуу, кол менен туткундоо жана андан чыгуу, булкуу жана түртүү ыкмаларына жол берилет. Күрөштө кол менен буттан алууга да болот. Жеңишке жетүү үчүн атаандаштын тизесин жана андан өйдөңкү дене мүчөөлөрүнүн бирин жерге тийгизүү керек. Жер устүндө күрөштүн улантылбаганы, байыртадан жоокерлер жалаң ат үстүндө болгондугун түшүндүрөт. Ал эми ат үстүнөн жыгылган жоокер тез арада өлүмгө дуушар болчу. Жеңиштин эң ардактуу түрү бул атаандашын чалкалатып жыгып, тизеси менен жерге ныгыруу болуп саналат.