Ссирым

Ссирым

Ссирым – Түштүк Кореянын салттуу күрөшү. Бул бел кур күрөшүүнүн ар түрдүүлүгү. Эркин күрөштүн баардык ыкмаларын пайдалануу менен атаандаштар бири-биринин оригиналдуу бел курларынан (сатпа) карманышып, жерге жыгылтуунун аракетин кылышат. Бул мелдеш өткорүлө турган “ссирым жанг” деген аянт 7 метр диаметринде, айлампа түрүндө болот да, ал айлампа 70 см жерден өйдө бийигирээк жасалып, көрүүчүлөргө көргөнгө ыңгайлуу шарт түзүлөт. Жердеги кумдун тереңдиги 10дон 20 см.ге чейин төшөлөт. Мелдеште атаандаштар жыңайлак чыгышып, үстүлөрүндө кыска күрөш плавкилерин кийишип, анын үстүндө сатба деген бел куру гана курчалат. Анын узундугу 2 метр болуп, пахтакагаз кездемесинен жасалган.Сатба куру атаандашы кармаганга ылайыкталып, оң белге шакекче түрдө курчалат да анан  белге айланта курчалат.

Курдан кармашуу ыкмасына токтолсок – “оң ссирым” оң кол атаандашынын сол колунун үстүндө жайгашып, ал эми “сол ссирым” тескерисинче сол кол атаандашынын оң колунун үстүндө жайгашканы менен айырмаланат. Ссирымда жеңишке жетүү үчүн атаандашынын белден өйдө жагынын баардык дене мүчөсүн, жерге тийгизиши керек. Жапон элинин “суммо” күрөшүнөн айырмаланып, атаандашын белгилеген аянттан (жангадан) түртүп чыгуу жеңиш болуп саналбайт. Андай учурда балбандар кайра алгачкы ордуна кайтарылат да, күрөш уланат. Ссирым күрөшү балбандардын жанганын борборунда тизелеп турушунан башталып, оң колу менен атаандашынын бел курунан кармап, ал эми сол колу менен атаандашынын оң жагындагы курдагы илмектен кармайт. Андан соң балбандар турушуп, узактыгы 3 минөткө созулган, оюндун башталышына болгон белгини күтүшөт.

Ссирымда муун кайрыган, ооруткан, тебүүгө, кол менен сокку жасоого тыюу салынып, дене салмагы менен эле кол, буттун жардамы менен жыгылтууга гана руксат берилген. Себеби сатба бел курдан кармоо эрежеси көтөрүп чабууга чейин сакталып, кол менен буттан алуу ссирымда практикаланбайт.