Самбо

Самбо

Самбо – россиянын (советтер союзунун) спорттук мелдеши жана коргонуунун комплекстүү тутуму. 

Cамбонун салтуулугу Россия элинин маданиятына терендеп кирип, элдик күрөштүн түрүнө айланууда. Самбо көптөгөн элдердин күрөштөрүнүн ичиндеги ыкмаларынан алып куралган: грузин, татар, армян, казак, өзбек күрөштөрүнөн; фин-француздук, эркин-америкалык, англис, швейцар күрөштөрүнөн, япондордун дзюдо жана сумо оюндарынан алынган.

Спорттук самбо – бул күрөштүн эң эфективдүүлүгү коргонуу болуп саналат. Бекеринен анын аталышы самбо деп аталган эмес – (самооборона без оружия) куралсыз коргону. Самбодо эфективдүү чабуу жана дене мүчөөлөрүн кайрып, ооруту ыкмалар менен мөөнөтүнөн эрте жеңүүгө болот. Аскердик самбо спорттук самбодон айырмаланып көп жыл атайын аскер тобунун куралы болуп келген. Аскердик колдонуудагы чеберчилик – элүүдөн ашык күрөштүн ичиндеги комплекстүү ыкмадан турат. Көтөрүп чабуу, кармаш, ж.б. ыкманын түрлөрүнөн тышкары мында, ар кандай соккулар колдонулат. Бул оюнда атаандашы жыгылып, кайра туруп же биротоло эсин жоготуп утулса таң калбай эле койсо болот. Ошондуктан аталган таймаш тез бүтүп, кандай гана ыкманы пайдаланбасын эң негизгиси жеңишке жетүү болуп саналат.