Тогуз коргоол

Тогуз коргоол

Тогуз коргоол – кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну.

Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. Манкала сөзү “жылуу, кыймыл” дегенди түшүндүрөт.

Тогуз коргоолдун кыргызча вариантында оюнчунун негизги максаты болуп коргоолдорду көбүрөөк чогултуу болуп эсептелет. Ар бир оюнчунун тактасында 9 чукурчасы, ал чукурлардын ичинде тогуздан ташы болот. Тогуз деген сан көчмөн түрк эли, ошондой эле кыргыздар үчүн да ыйык сан болгон. Коргоол сөзү кыргызчада “койдун кумалагы” дегенди түшүндүрөт. Оюнда ошол тоголокторго окшогон асыл таштар колдонулуп келген.

Баатыр эл, тынчтык өкүм сүргөн маалда тогуз коргоолду ойноп, өзүнүн аскердик жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүргөн. Мына ушул себептен көчмөн түрк элдери, ошондой эле кыргыздар үчүн тогуз коргоол оюну маанилүү болуп калган. Аскерлерди, байлыктарды жана душмандардын ээликтерин өзүнө каратып алуу оюндун негизи маңызы катары каралат. Ошол себептен ар бир коргоол бир аскерди символдоштуруп турат.

Башка манкала оюндарынан айырмаланып, тогуз коргоол оюну төмөндөгүдөй эрежеси менен айырмаланат: эреже боюнча баардык алынган коргоолдордун ичинен бирөө сөзсүз ошол чукурдун ичинде калат. Бул көчмөн түрк элдеринин социалдык жашоосундагы ата-бабанын жайын сактоо салтын кандайдыр бир деңгээлде чагылдырып турат.