Жорго салыш

Жорго салыш

Улуттук ат чабыш – Кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу спорт оюну. Ат чабыштар ар кандай элдик майрамдарда, тойлордо өткөрулгөн, ага алыскы аралыкта чарчабаган, шамдагай, чыдамкай күлүктөр тандалган. Жеңүүчүгө баалу байгелер же малдан жандыктар берилген. Кадимки ат чабыштан башка жорго салуу чабыштары уюштурулган. Жорго – эки туяктын бирдей чабылышы, мындайча айтканда аттын туяктары жупталып бирдей көтрүлүп, бирдей жерге шилтелип чабылат. Жорго салышта, чаап бараткан ат, бир жагынан экинчи жагына оодарылып, эки туяктын эле дүбүртү угулат. Жорго салган аттар өзгөчө бааланат, себеби баардык эле күлүк жорго сала албайт.

Ат чабыштын түрлөрү төмөнкү ченемдер менен бөлүнөт, узак аралыкка чабылган, чабуу ыргагы жана күлүктөрдүн жашына жараша. 

1. Ат чабыш – баардык курактагы күлүктөрдүн алыскы аралыкка чабылышы, 22 км аралыкка.
2. Кунан чабыш – эки жаштагы күлүктүн 11 км аралыкка чабылышы.
3. Жорго салыш – баардык курактагы күлүктөрдүн жорголотуп чабылышы, 11 км аралыкка.
4. Бышты жорго – 3 жылдык быштылардын жорголотуп чабылышы 6 км аралыкка.