Тайган жарыш

Тайган жарыш

Салбуурун – кыргыз элинин улуттук аңчылыктын түрлөрү.

Салбуурун – аңчы куштар жана тайгандар менен аңчылык кылган, кыргыз элинин комплекстүү мергенчилик оюндары.
Бүркүт жана шумкар менен аңчылык кылуу кыргыз элинин салты болуп калган. Бул айбанаттарды үйрөтүп, аларды элге кызмат кылдыруу үчүн, алардын мүнөзүн, мүмкүнчүлүгүн билүү керек.

Кыргызстан – бүркүттү жана шумкарды оюн зооко эле эмес, тамак аш табуу максатында аңчылыкка пайдаланып келген мамлекеттердин бири. Мергенчи алп кушту колго отургузуу менен, анын зор салмагын, күчүн, тумшугу менен тырмактарынын курчтугун байкап, көз карашынын ойо тиктегендиги, келбетиндеги сүрүнө өзгөчө баа бересиң.

Бүркүттү үйрөтүү оңой иш эмес: алгач аларды түлкүнүн куйругунан, койондун терисинен жасалган үндөккө көндүрөт. Үндөктү жипке байлап сүйрөп, бүркүттү койберет. Үндөктү бүркүт апчып кармаган соң, жай келип, акырын, атайын кол капка салынган чийки этти берип, үндөктү бошоттуруп, буркутту колуна отургузат. Андан соң бүркүттү тирүү жандыкка агытып үйрөтөт. Мергенчи коён, түлкү бар жерлерге алып барып, бийигирээк жерге чыгып, алгач тайгандарын койберет, алар айбанаттарды айдап чыккан соң, бүркүттү учурат. Ушундай эле ыкма менен шумкарды таптайт. Тайган менен бүркүттүн бирдиктүү олжосу булар түлкү, коён, карышкыр, чөө жана элик.